Видео. Бишкектин милициясы банктын терезесин талкалады деп шектелген кызды издеп жатат

0

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бейбаштыкка шектелген кызды издөөгө алып, аны табууга көмөк сурап коомчулукка кайрылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы социалдык баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-авгутунда “Оптима Банктын” өкүлү Ж.А. арыз менен милицияга кайрылган. Анда банктын кеңсесинин айнегин сындырган белгисиз кызга карата чара көрүү өтүнүчү келтирилген.

8-9-августта болжол менен түнкү 00:00 чамасында азият улутуна түспөлдөш 20-25 жаштагы кыз Бишкектеги баш аламандык учурунда коомдук тартипти жана жалпы жүрүм-турумдун ченемдерин одоно бузуп, бейбаштык ой менен шаардын Панфилов-Киев көчө кесилишиндеги “Оптима Банктын” филиалынын башкы каалгаысындагы терезесин сындырган.

Бул факты шаардын Биринчи май райондук милициясында кылмыштардын жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш Кодексинин 266, бейбаштык беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда шектүү кызды издөө, анын жашаган жерин аныктоо иш чаралары жүрүп жатат. Милиция шектүү кыздын өзгөчө белгилерин: “азият түспөлдөш, 20-25 жаштарда, бою 160-170см. Чачы кара, кой көздүү...” деп көрсөткөн.    

“Урматтуу шаардыктар! Изделип жаткан кыз тууралуу, же анын жашаган жери боюнча кандайдыр-бир маалымат билсеңиздер: 0 (312) 56-32-48, 0 (507) 21-03-94 жана 102 телефондоруна кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз”, - деп кайрылат милиция билдирүүсүндө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10463