Садыр Жапаров абакка 28-августта кайтат

0

Уулуна топурак салуу үчүн барган Садыр Жапаров Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы колонияга бүгүн, 28-августта, кечинде кайтып келет. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу 22-августта жол кырсыгына кабылып, 26-августта өзүнө келбей ооруканада үзүлгөн. Анын сөөгү Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына коюлду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровго 27-августта уулунун тажыясына барып келүүгө уруксат берген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10464