Бишкектеги Москва көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

0

Бишкектеги Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын арасындагы бөлүк толугу менен оңдолуп бүттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, вице-мэр Уланбек Азыгалиев жана капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү подрядчиктер менен бирге жолдун сапатын текшерип чыгышты.

Оңдолгон 980 метрлик жолго 2 кат асфальт төшөлгөн. Муну менен катар жол белгилери түшүрүлгөн.

Аталган жолдун ремонтун China Road & Bridge Corporation корпорациясы жүргүздү.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10483