Тулеев: "Текебаев аягына чейин күрѳшүп адилеттүүлүккѳ жетебиз"

0

Бишкек шаарынын мурдакы мэри Нариман Тулеев фейсбук баракчасында үй камагына чыккан Ѳмүрбек Текебаев менен Дүйшѳнкул Чотоновду куттуктады.

«Ѳмүрбек Черкешовичти жана Дүйшѳнкул Тезекбаевичти жана алардын үй-бүлѳсүн жакындарынын кубанычына ортоктошмун. Аларды үй камагына чыгарганы кубанычтуу кабар. Ата-мекенчилерди куттуктайм. Муз оордунан жылды, бул башталыш гана. Мен дагы ѳз учурунда үмүтүмдү үзбѳй мыйзамдуу түрдѳ абактан чыгам деп келгем. Ошол үмүтүм акталды. Бирок атамбаевдин мыйзамсыз каралоосу таштанды сыяктуу мага жана үй-бүлѳмѳ жабышып калды», -деди.

Ошондой эле, Текебаевга аягына чейин күрѳшѳрүүнѳ ишенээрин. Ошентип биз адилеттүүлүккѳ жетебиз дегенди кошумчалады Тюлеев.

булак: barometr.kg

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10492