Ысык-Көлдөгү кырсык: BMW-Х5 унаасын айдап бара жаткан аялдын спирт ичимдигин ичкени аныкталды

0

Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда эки жеңил машина сүзүшүп, 5 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда болгон. Анда BMW-Х5 унаасы менен BMW-530 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

«BMW-Х5 жолдун каршы тилкесине чыга калган. Бул учурда каршылаш келе жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-530 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.

Ал эми BMW-Х5 унаасын 41 жаштагы аял айдап бара жаткан. Аны наркологиялык борборго алып барганда спирт ичимдигин ичкен деген жыйынтык чыгарып беришти. Учурда рулдагы аял жана жанындагы жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасында. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө», - деп айтты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10508