Бишкектеги канжалаган мушташ: Өкмөт башчы министр К.Жунушалиевге тапшырма берди

0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарында эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берди.

«Эки жаш жигитти ур-токмокко алуу окуясы тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин белгиледи. 

Шектүүлөр:

- Бапышов Жаныбек Сейитбекович, 1985-жылы туулган;

- Сейитбеков Калысбек Сейитбекович, 1999-жылы туулган.

Кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жери тууралуу билгендер 102 кызматы аркылуу кабарласа болот.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/10547