Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

0

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды, - деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КРнын Сейсмология иститутунун маалыматына ылайык, жер титирөө 31-майда болжол менен саат 00:08де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга, Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15014