Вьетнамда таажы вирусунун жаңы түрү пайда болду

0

Вьетнамдын саламаттык сактоо министри Нгуен Тхань Лонг билдиргендей, коронавирустун жаңы түрү Индия менен Британияда пайда болгон штаммдардын аралашмасын түзөт.

Лонгдун айтымында, Вьетнам жакында жугуштуу деп эсептелип жаткан жаңы штамм тууралуу бардык маалыматтарды жарыялай турганын билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун бул түрү боюнча комментарий бере элек.

Ал арада Бразилияда миңдеген адамдар президент Жаир Болсонаруга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар мамлекет башчыны пандемиядагы шалтурук аракеттери үчүн сынга алышууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15016