Бабанов камакка алынды

0

Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда «Коррупция» фактысы боюнча камакка алынды.

Бүгүн, 31-майда УКМКга суракка чакырылган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда «Коррупция» фактысы боюнча камакка алынды.

 

Бул тууралуу билдирген УКМКнын маалымат кызматы «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Ө.Бабанов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, камакка алынды»- деп билдирди.

 

Бүгүн, 31-майда «Кумтөр»иши боюнча, ошондой эле мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков, экс-вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдор дагы УКМКга суракка чакырылышкан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15030