Ош эл аралык аэропортунда кармалып турган тажик жарандары мекенине кайтышты

0

Ош эл аралык аэропортунда кармалып турган тажик жарандары Маргарита Расулова, анын небереси Алиса Нарматова жана Любовь Гордеева 28-майда Тажикстанга чыгарылганы белгилүү болду. Бул маалыматты “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы ырастады.

Тажикстандык “Азия Плюс” сайты аларды алып чыгуу үчүн коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода Ошко барганын, тиешелүү мекемелер менен сүйлөшкөнүн жазды.

Тажик жарандары 25-майда Орусиянын Сургут шаарынан Ошко учуп келип, Кыргызстандын аэропортунан чыга албай калган. Алар Орусиядан депортация болуп, мекенине Кыргызстан аркылуу кайтууну көздөшкөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15031