Эки депутат кармалды, Игорь Чудинов сурак берип жатат

0

Бүгүн, 31-майда УКМКга Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Игорь Чудинов суракка чакырылды.
А.Жээнбеков 2011-жылдын декабрынан тарта 2016-жылдын апрелине чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
Т.Зулпукаров 2012-жылы январда КСДПдан вице-спикер болуп турган.

И.Чудинов Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон.

 

Буга чейин мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу боюнча кармалганы белгилүү болгон. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди. Иш Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен козголгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15032