Бишкек троллейбус башкармалыгы калаадагы троллейбустардын ишин түнкү саат 23:00гө чейин узартты

0

Маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыкпагандыгына байланыштуу Бишкек троллейбус башкармалыгы калаадагы троллейбустардын ишин түнкү саат 23:00гө чейин узартты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, троллейбустар жакынкы күндөрү таңкы саат 5:40тан түнкү саат 23:00гө чейин төмөнкү маршрут боюнча каттайт:

  • № 2 — “Эт комбинаты” — Аламүдүн-1 кичи району;
  • № 4 — “Эт комбинаты” — “Кожзавод”;
  • № 5 — Тунгуч — Жал кичи району;
  • № 6 – 8-кичи району — Батыш автобекети;
  • № 7 — “Ош” базары — Тунгуч кичи району;
  • № 8 — Чыгыш автобекети — Жер иштетүү институту;
  • № 9 — Жер иштетүү институту — Аламүдүн-1 кичи району;
  • № 10 — “Фрунзе” заводу — Асанбай кичи району;
  • № 11 — Асанбай кичи району — Чыгыш автобекети;
  • № 14 — Жал кичи району — Киркомстром;
  • № 17 — “Кожзавод” — Асанбай кичи району.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, бүгүн 140 троллейбус жүргүнчүлөрдү ташыган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15104