Валерий Кичинге «Даңк» медалы ыйгарылды

0

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичинге «Даңк» медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт министрлиги маалымдады.

Мамлекеттик сыйлык Валерий Кичинге “2019-жылы өткөн Азия футбол кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндүгү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы жана футболго чексиз берилип кызмат кылгандыгы үчүн ыйгарылганы” кабарланды.

29 жаштагы Валерий Кичин 2019-жылдан бери Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15109