Унаадан бангизат табылды

0

Новопокровка айылында унаадан баңгизат табылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында, ЖАМКнын №3 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чүй облустук Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемесине караштуу аймактан ак түстөгү “Хонда Фит” унаасы токтотулуп, текшерилген.

Унаанын ичинен болжол менен 180грамм салмактагы баңгизаты табылган.

Кармалгандар Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган К.А. жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун 1973-жылы туулган У.Б. аттуу тургундары болгон.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жарандар, топтолгон материалдар жана буюм далилдер Ысык-Ата райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15122