Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр алтын кенин Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы адистерин даярдоочу жайга айландыруу планы бар экенин айтты

0

Тенгиз Бөлтүрүк Фейсбук баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылды.

Анда Кумтөрдөгү жумуш орундары кыскарат деген сөздөр туура эмес экенин билдирди. Ал Кумтөр алтын кенин Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы адистерин даярдоочу жайга айландыруу планы бар экенин, кенде иштөөнү каалаган адамдардан кайрылуу көп түшүп жатканын айтты.

“Мага Кыргызстандын жарандары "Кумтөр"компаниясына жумушка орношуу маселелери боюнча күн сайын жеке жана телефон аркылуу кайрылышат. "Кумтөрдөгү" ачык вакансиялардын бардыгы компаниянын корпоративдик вебсайтында жарыяланып турат. Биз кызматкерлерди конкурстук негизде тандап алабыз. Мындан ары "Кумтөргө" орношуу ачык, адилеттүү жана чынчыл болот”, - деп жазылган Бөлтүрүктүн кайрылуусунда.

"Кумтөр Голддун" сайтына тоо-кен тармагында окуган студенттерге жайкы практикасын аталган кенде өтөөгө тандоо башталганы жарыяланды. Анда компаниянын 20 бөлүмүнө 3-4-курстун студенттери кабыл алынары жана практика акысы төлөнүп берилери жазылды.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизүүнү тапшырган.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15134