Акыйкатчынын орун басары шайланды

0

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө маселе каралды. Шайлоого 9 талапкер катышты. Талапкерлерди депутаттарга акыйкатчы Токон Мамытов тааныштырды.

Жабык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Альберт Көлөпов 74 добуш менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарлыгына шайланды

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15142