Камчыбек Ташиев чек арадагы кырдаалга байланыштуу шашылыш түрдө Чоң-Алайга жөнөп кетти

0

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кырдаалга байланыштуу шашылыш түрдө Чоң-Алайга жөнөп кетти. Буга чейин чек ара кызматы чек ара тилкесинде кырдаал боюнча маалымат тараткан.

Бул тууралуу Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов “Фейсбук” баракчасына маалымат таратты.

“Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда, кыргыз тажик чек арасындагы абал кескин курчуду. Тажик аскерлери Чоң -Алай тараптан кайрадан чек араны жарып өтүү аракетин жасаган. Тажикстан тараптан диверсиялык аракеттер түнү бою токтогон жок”, – деп айтылат маалыматта.

УКМКнын төрагасы шашылыш түрдө Чоң- Алайга “Альфа” атайын бөлүгүн алып учуп кеткени айтылды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15143