Кыргызстанда күзүндө коронавирустун мутацияга кабылган катаал штаммы келет, - министр

0

Кыргызстанда күзүндө коронавирустун мутацияга кабылган катаал штаммы күтүлүүдө. Бул тууралуу парламенттин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда медкызматкерлерди жана кошумча орундуктарды даярдоо жүрүүдө.

“Кыргызстанда коронавирустун 5 штаммы бар жана алар адамдын абалын начарлаткан жери жок. Ошондой эле биздин дарыгерлер жана илимпоздор оору боюнча кырдаалды көзөмөлдөп, конференцияларды өткөрүүдө, - дейт министр.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15148