Кайра митинг. Орхан Инандыны табылсын дегендер талап коюшту

0

Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандар кайрадан өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Митингге эки жүздөн ашык адам катышууда, арасында мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов дагы бар.

Инандыны табууну талап кылгандар 1-2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында митинг өткөргөн. 3-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулган.

Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат Иманкулов 3-июнда дайынсыз жоголгон Орхан Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрүп, аны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15163