Батырханов чоң каналына 11 жаштагы кыз чөгүп кетти

0

Баткен шаарындагы Батырханов чоң каналына 11 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлайт.

ӨКМга кырсык тууралуу маалымат бүгүн, 4-июнь саат 10:59да келип  түшкөн.

Куткаруучулар жеткенге чейин чөгүп кеткен кыздын сөөгүн жергиликтүү тургундар суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Кырсык болгон жерге 11 куткаруучу тартылган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15165