Тик учак авариялык кырдаалдан улам конгон. Жабыркагандар бар

0

Кичи-Алай айылында Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргонуу тик учагынын авариялык абалда конуусунун кесепетинен жабыркагандар бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги агенттикке билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Ноокат жалпы дарыгердик практика борборунун директорунун орун басары Эртабылды Көккөзовдун ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай айылындагы тик учак окуясы тууралуу маалымат алынган, анын натыйжасында жабыркагандар бар.

Окуя болгон жерге Ноокат жалпы дарыгердик практика борборунун 3 медициналык тез жардам бригадасы жөнөп кеткен. Жабыркагандар алынып келинсе кошумча маалымат берилет.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15170