Коргоо министрлиги Алайда конууга аргасыз болгон Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы жөнүндө маалымат берди.
«Бүгүн Ош облусунун Ноокат районунда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы конууга аргасыз болду. Учакта 10го жакын адам болгон, алдын ала маалыматтарга караганда, үч адам жеңил жаракат алган. Аларга зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.