Айгул Жапарованын фонду Бишкекке 20 автобусту берди

0

Акысыз автобустар шаар тургундарын ташууну улантууда. Бул тууралуу шааардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, борбор калаада шаардыктарды бекер ташыган автобустар ишин улантууда. Борбордун муниципалдык коомдук транспорту дагы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Аталган автобустарды Айгуль Жапарова атындагы фонд бергени айтылды. "Умут булагы" атындагы коом автобустарды борбор калаага берген. "20 автобус берилип, учурда анын 10у иштеп жатат, дагы ону эми сапка чыга баштайт", деп билдиришти мэриядан.

«Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар №100- маршрут каттамы менен иштейт. «Алга» футболдук клубунан 18 орундуу автобус жана «Оптима» банкы берген унаалар №214- маршрут боюнча жүргүнчүлөрдү ташууда. №240 каттам боюнча Батыш автобекетинен 2, «Мадина» базарынан 2 автобус убактылуу каттап жатышат. Биздин шаар тургунубуз берген автобус №211- маршрутту менен катоодо. Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрү, Чүй жана Манас проспектилери боюнча, борбор калаанын активисттери тарабынан берилген 4 автобус шаар тургундарына жеткирүүдө»,-деп берилет маалыматта.

Эске салсак, 2-июндан тарта борбор калаада маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан.

 
 
 
 
 
 
 
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15182