Маршруткалардын ээлери өздөрү билип жол кирени көтөрүп алышты

0

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочулары бир нече күн иш ташташты. Алар шаардык мэриядан жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышты. Бирок алардан жооп болбогон соң, өздөрү билип жол кирени көтөрүп алышты.

5-июнь күнү Бишкектин көчөлөрүндө маршруттук таксилер жүрө баштады. Бирок алар жол кирени 15 сомдон алышууда. Буга шаардык бийлик чара көрө албай жатат…

Ал эми соцтармактарда маршруткаларды кайра сапка чыгарбоо талабы коюлуп жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15187