Иса Өмүркулов узак мөөнөткө, чет өлкөгө даарыланганы кетет

0

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов узак мөөнөткө, чет өлкөгө даарыланганы чыгып кетүүгө даярданууда. Айрым маалымат булактар, ал буга чейин эле өлкөдөн качып чыгып кетти деген маалымат жазышты.

Өмүркулов парламенттеги КСДП фракциясынын лидеринин ыйгарым укуктарын Өмүрбек Бакировго тапшырып берген. Маалыматты Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Акипресс» маалыматтык агенттигине тастыктаган.

Ошондой эле парламенттеги көпчүлүк коалициясынын лидеринин ыйгарым укуктарын «Республика—Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускуловго тапшырган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15188