Милиция кызматкерлери коомдук жайда телефон уурдаган шектүүнү кармашты

0

Борбор шаардын милиция кызматкерлери коомдук жайда телефон уурдаган шектүүнү кармашты.

Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда видео тараган, анда азиат түлпөлдүү белгисиз жаран автобуста элдин көптүгүнөн пайдаланып, жүргүнчүнүн чөнтөгүнөн мобилдик телефонун уурдап жаткан учуру тартылган.

Аталган факт Свердлов райондук милициясынын КЖБР катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Борбор шаардын аймагында ушул сыяктуу кылмышы үчүн мурда соттолгон шектүү 1988-жылы туулган Т.Т. кармалган. Ал райондук тергөө кызматына жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15197