Куудул Рахман Разыков коронавирустан каза болду

0

Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду. Ал 66 жашында көз жумганын сахналаштары бүгүн, 7-июнда билдиришти.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал сахналаштары менен акыркы жолу байланышканда Ошто дарыланып жатканын айткан.

Кийинчерээк куудулдун көз жумганын анын жакындары тастыкташты. Ал Ош шаарында пневмониядан улам көз жумду. Анын абалы кечээ, 6-июнда кескин оорлоп, бүгүн, 7-июнь күнү таңга жуук өмүр менен кош айтышты.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотов Рахман Разыков өнөкөт ооруларынан жана коронавирустан улам каза болгонун билдирди.

«Куудул мырза үйүндө да ооруп жатам деп бир жумадай жатып калган. Бизге оор абалда келди. Кант диабети, кан басымы бар экен. Биздин дарыгерлер колдон келишинче аракет кылды. Бизде кычкылтектин бардык түрү бар. 10 күндөн ашык ооруканада дарыланды, кычкылтек менен дем алып жатты. Өпкөсү 50% жабыркаган. Бүгүн эртең менен каза болгонун айтышты. Ага чейин мен өзүм барып, көзөмөлдөп жаткам. Өнөкөт оорулары менен коронавирустан улам кайтыш болуп калды», - деди Ташполотов.

Р.Разыков «Таң жылдызы», «Бешилик», «Беш кемпир» топторун түзүп, куудул таланттарды чогулткан. Ал 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында жарыкка келген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15214