Баткен шаарына мэр болгон Имамназар Бурханов - Арзыбек Бурхановдун бир тууганы

0
Имамназар Бурканов Баткен шаарынын мэри болуп шайланды. Шайлоо 7-июнда өтүп, анда мэрлик кызматка жалгыз Бурканов талапкерлигин койгон. 31 депутаттын баары анын талапкерлигин колдоп, бир да каршы добушсуз жаңы шаар башчысы тандалды.
Имамназар Бурканов шаардык кеңешти шайлоого «Ала-Тоо — кыргыз жери» партиясы менен 13-катарда барган. Шайлоо алдындагы маалыматта анын 1965-жылы туулгандыгы, учурда жумушсуз экени жазылган. Osoo.kg сайтында «Газпром-транзит», «ТабИмпЭкс Трэйд» жана «Сыйкыр Топурак» ЖЧКларында жетекчи экени жазылган. Имамназар Бурканов — Премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун бир тууганы.
Эскерте кетсек, Баткен шаардык кеңешинде» Ала-Тоо — кыргыз жери», «Ынтымак», «Эмгек» жана «Жаңы Доор» партиялары бар.
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15222