Асилбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чогулду

0

Бүгүн, 7-июнда Кара-Кулжа районунда Жогорку Кеңештин депутаты Асилбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чогулду.

А.Жээнбековду коргоо жана колдоо штабынын жетекчиси Турат Оморовдун маалыматы боюнча, жактоочулар бөгөт коюу чарасын өзгөртүү талабы менен сотко кайрылган. Учурда соттун чечимин күтүп жатышат.

Ушул жылдын 31-майында Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15223