Жапонияда Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча беттешип жатат

0

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол оюнунда Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунда беттешип жатат.

Бишкек убактысы менен саат 13:00дө башталган оюн 50 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Нагаи” стадионунда өтүүдө.

Кыргызстандын дарбазачылары коронавируска шек саналгандыктан, дарбазаны жөнөкөй оюнча коргоп жатат

Атаандаштар буга чейин бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Анда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңген.

F тайпасында Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунда келе жатат. Монголиядан тышкары Япония жана Мьянма менен ойношу керек. Кийинки баскычка 12 мыкты команда кирет. Кыргызстан Монголияны утканда гана андан кийинки оюндарга катыша алат.

Монголия бешинчи орунда келе жатат, кыргызстандык спортчуларды утса төртүнчү орунга илинет.



URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15224