Бүгүн, 7-июнь күнү Балыкчы шаарынын мэри шайланды. Бул тууралуу Балыкчы шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, шаар мэрлигине 2 талакер ат салышкан. Алар — «Табылга» фракциясынан Мергенбаев Талантбек Саламатович жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Сыдыков Аманат Калыбекович. Жыйынтыгында 23 добушка ээ болгон 32 жаштагы Аманат Сыдыков Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды.