Сууга боюн таштаган аял мас абалда болгон

0

 Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында өз өмүрүн кыюу үчүн Көк-Арт дарыясына боюн таштаган 35 жаштагы келинди жолдошу куткарып калган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук өрткө каршы кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда 2021-жылдын 6-июнь күнү саат 20:30 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын 1986-жылы туулган тургуну Т.С. мас абалда Көк-Арт дарыясындагы көпүрөдөн боюн таштап жиберип, аны күйөөсү чыгарып, куткарып калганы айтылган.

Окуя боюнча Т.С. эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тарткан. Бул окуя боюнча Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15240