Президенттин кортежи кабылган окуяда каза болгон дарыгердин артында эки уул, бир кызы калды

0

Президенттин кортежинин катышуусу менен 4-июнда Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыктын кесепетинен өлкө башчынын дарыгери Илгиз Усубалиев көз жумган. Ысык-Көл районунун Ананьев айылы тарапта Садыр Жапаровдун унаасын коштоп бара жаткан унааны карама-каршы тилкеге чыга калган жеңил унаа сүзгөн. Кийин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент жаракат албаганын билдирген. Окуядан УКМКнын 9-кызматынын 3 кызматкери, жеңил унаадагы айдоочу менен жүргүнчү жаракат алган болчу. Бүгүн, 7-июнда УКМКнын кызматкерине операция жасалганы, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык экени белгилүү болду.

Маркум дарыгер Ильгиз Усубалиев тууралуу АКИpress агенттигине досу — Таластагы Кара-Буура аймактык ооруканасынын мурунку башчысы Улан Бийгелдиев айтып берди.

Бийгелдиев менен маркум дарыгер бирге билим алып, андан кийин Бишкектеги травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунда 6 жылдай бирге эмгектенишкен.

«Ал жакшы ортопед дарыгер болчу. Травматология жана ортопедия борборунда кабыл алуу бөлүмүндө иштедик. Ал жакшы дос, анан өз ишинин кесипкөйү эле. Эч кимден эч качан баш тартпай, баарына жардам берчү», - деп эскерди.

Маркумдун артында 2 уулу, 1 кызы калды.

«Анын улгайган ата-энеси бар. Улуу агасы да мурунку жылы коронавирустан көз жумган эле. Ильгиз агасынын көз жумганын катуу кабыл алып, анын үй-бүлөсүнө тынчсызданчу.

Ильгиз 5-июнда Бишкекте акыркы сапарга узатылды. Көпчүлүк азыркыга чейин анын көз жумганына ишене албай турат. Ал чындыгында досун эч качан кыйынчылыкка жалгыз калтырбаган жакшы адам болчу», - деп кошумчалады.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15241