Азамат Болгонбаев директор болуп дайындалды

0

Чүй облустук драма театрына белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койгон.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев буга чейин «Айтыш» коомдук фондунун жооптуу катчысы, төрагасы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда университет) салттык музыка жана фольклор кафедрасынын мугалими, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун солисти, «Салттуу музыка» коомдук фондунун аткаруучу директору жана КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү кызматтарында эмгектенип келген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15243