Эки жылдан бери дайынсыз жоголгон Урмат Калдаев изделет

0

 Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери 1973-жылы төрөлгөн Калдаев Урмат Болотбековичти издеп келет. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал Кызыл-Арык айылындагы үйүнөн 2019-жылдын 20-майында чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Анын бою 180-182 см чамалуу, чачы кара жана кыска. Ошол күнү боз түстөгү спорттук шым, ачык көк түстөгү футболка, күрөң түстөгү жайкы жеңил бут кийим кийип кеткен.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жаран тууралуу маалыматы бар жарандарды байланышууга чакырат.

- Чүй ОИИБ: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;

- Ысык-Ата РИИБ: (0312) 61 69 07, 0703 17 17 70; 708 10 81 10.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15247