"Манас" эл аралык аэропортунан коронавируска ПЦР-тест тапшыргысы келсе учууга 4-5 саат калганда келиши керек

0

 

Майдын этегинен тарта аэропортто коронавирусту тез аныктаган ПЦР-лаборатория ишке киргизилгени белгиленет. Жүргүнчүлөр "Манас" эл аралык аэропортунан коронавируска ПЦР-тест тапшыргысы келсе учууга 4-5 саат калганда келиши керек. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Тесттин жыйынтыгын 1,5-2 саатта алам дегендер 3 499 сом, ал эми 4-5 саат күтөм дегендер 2 399 сом төлөй турганы айтылат. Ошол үчүн аэропортко келүүнүн убактысын ойлонуштуруп алуу сунушталган.

Анализди имараттын экинчи кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырса болот. Жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же "Манас" аэровокзалынын 1-кабатынан үч тилде алууга мүмкүн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15250