Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолундагы катталган автокырсыктан 3 адам каза болду

0

Жол кырсыгы бүгүн, 8-июнь күнү, таңда саат 4:30 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 178-чакырымындагы Даркан айылы жакта болгон.

 

Анда Ауди С4 менен BMW 525 автоунаалары сүзүшкөн. Мунун кесепетинен биринчи унаадагы эки киши көз жумуп, бирөө жабыркаган. Экинчи автөкөлүктүн 21 жаштагы айдоочусу каза тапкан. Калгандарынын аты-жөнү такталууда.

 

Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Жабыркаган киши Тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилгени айтылды.



URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15251