Абылгазиевдин абалы оор, ал ооруканада

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү.

Учурда ал Бишкектеги "Бикард" жеке менчик бейтапканасында дарыланууда. Аталган медициналык мекемеден кабарлашкандай, Абылгазиев жүрөк -кан тамыр ооруларын дарылап жатат.

УКМК бул маалыматка комментарий бере элек.

Абылгазиев 26-январда кармалган. Ал коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналып жатат. Майдын соңунда сот аны камактагы мөөнөтүн 26-июлга чейин узарткан.

Буга чейин жемкорлукка жана мыйзамсыз баюуга шек саналган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов жана парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев да "Бикард" ооруканасында дарыланып чыгышкан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15253