Нарын ОИИБи: Кочкор райондук ички иштер бөлүмү Садыкова Айтурганга издөө салат.
Кочкор районунун Арсы айылынын тургуну 2010- жылы туулган Садыкова Айтурган 6-июнь күнү үйүнөн чыгып кетип азыркы учурга чейин белгисиз себептер менен дайынсыз жок болуп жатат.
Аталган факты Кочкор РИИБү тарабынан катоого алынып, атайын иш сапарлар уюштурулуп, ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Алынган маалыматтар боюнча 2021-жылдын 6-июнь күнү саат 15:00 чамаларында Кочкор районунундагы автобекетинен маршруттук таксиге отуруп, Бишкек шаарынын автобекетинен түшүп калган.
Белгилери: толугураак дене түзүлүштө, бет түзүлүшү тоголок, кара тору, чачы ийинине чейин кара түстө.
Кийген кийимдери азыркы учурда: кызыл түстөгү футболка, кара түстөгү шым, ак түстөгү ботас жана колунда кызыл түстөгү мектеп сумкасы бар.
Көргөн билгендер болсо төмөнкү номерлерге билдирип коюнуздарды өтүнөбүз.
Байланыш номерлери: (03535) 5-02-79, 0700 11-11-60
Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы