Аяна Тойбаева бир айдан бери изделип жатат

0

Бишкекте дээрлик бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Аяна Тойбаева изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-май күнү кыздын энеси милицияга жардам сурап кайрылган. Ал кызы 17-май күнү Бишкектеги Огонбаев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм кыз 19-июнь күнү 14 жашка толот.

Белгилери: бою 145-150 сантиметр, арыкчырай, кой көз, чачы кара. Үстүнө кара түстөгү куртка, боз спорттук кийим, кара кроссовка кийип жүргөн.

Кызды көргөн-билгендер болсо 0 (553) 10-23-87,0 (703) 22-26-22, 0 (702) 49-88-88, 0 (772) 84-73-36, 0 (557) 11-94-10, 0 (709) 33-24-63 же 102 номерине кабарлаңыздар.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15337