Марипов "Сосновкага" билдирбей барып, алдамчыларды кармады

0

Улукбек Марипов «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин текшерди.

«Маалыматтык тутум көрсөткөндөй, эртең мененки саат 8ден тарта 29 унаа өткөн, бирок 17 унаа гана каттоого алынган. Салмак көлөмдүк контроль тутуму иштебейт. Биз транспорт каражаттарынын кыймылынын ачыктыгын жана толук эсепке алынышын камсыздоо максатында транспорттук көзөмөл пункттарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутумдун толук кандуу иш алып баруусуна жетишүүбүз керек»,-деди ал.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15343