Жол кырсыктан 2 адам каза болду

0

Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 187-чакырымында 16-июнда түнкү саат 01:00дөр чамасында Subaru Legacy В4 унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылган.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 29 жана 10 жаштагы эркек балдар набыт болгон.

Андан тышкары, 10 жаштагы өспүрүм жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар жеткенге чейин жарандар каза болгондорду унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15411