Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды, деп билдирди 16-июнда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
14-июнга караган түнү милицияга зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар адамдын сөөгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Панфилов РИИБДин тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барып, бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталды.
Милиция кызматкерлери каза болгон киши Кум-Арык айылынын 1964-жылы туулган тургуну С.Э. экенидигин аныктады.
Чүй ОИИБдин жана Панфилов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Г.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш шектүү менен маркумдун урушунан кийин жасалган. Жигит эркекти сабагандан кийин аны таштап, качып кеткен.