Министрлик сабиздин баасы боюнча түшүндүрмө берди

0

Кыргызстанда сабиз кымбаттап кетиши сезондук гана көрүнүш. Бул тууралуу 16-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, быйыл сабиздин айдоо аянты былтыркыдан көбүрөөк, июлда түшүм жыйналганда баа турукташат.

Министрдин орун басары сабиз кымбаттаганы ага сыртта болгон суроо-талап көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирип, “2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганда дыйкандар өстүргөн продукциясын жакшы жана татыктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк ачылганын” белгиледи:

“2020-жылы беш ай ичинде 13 миң тонна сабиз экспорттолгон болсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна, 2,5 эсе көп сабиз экспортко жиберилди. Дыйкан-фермерлерибиз татыктуу деңгээлде пайда таба баштаганда гана биздин айыл чарба тармагыбыз өнүгөт. Бирок бир четинен шаарларда баанын өсүп кетиши маселе жаратып жатат. Быйыл ала турган түшүм жакшы болгону жатат. Июлдун башы менен түшүм жыйноо иштери башталганда сабиздин, картошканын жана азыр кымбаттап кеткен айыл чарба продукциясынын баасы ылдыйлайт деп күтүп жатабыз”.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15425