Вирусту 647 адам жугузуп алды

0

Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирус дагы 647 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 257, Ош шаарында – 118, Чүй облусу – 73, Ош облусу – 120, Талас облусу – 6, Нарын облусу – 9, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 26, Баткен облусу – 23 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 308 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 145, Ош шаарында – 36, Чүй облусу – 42, Ош облусу – 17, Талас облусу – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусу – 31, Жалал-Абад облусу – 22, Баткен облусу – 3 адам", - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Ош шаары – 1, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 145 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 320 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 443 бейтаптын абалы орто оордукта, 587 адамдын абалы оор жана 97 бейтап өтө оор абалда жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15431