Кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров дүйнө салды

0
Кыргызстандык кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров катуу оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу 16-июнда Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров 10-июнда 68 жаш курагында каза тапты.

Самир Жапаров кыска метраждуу жана даректүү фильмдердин автору болгон. Анын "Космонавттын көчмөнү" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/15436