Чек арадагы атышууда бир кыргызстандык жоокер курман болду

0
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы бүгүн, 9-июлда “Азаттыкка” билдирди.

“Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат”.

Маалыматта тажик тараптан да курман болгондор жана жаракат алгандар бар экени кабарланып жатканы айтылган.

Окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери жүрөт. Алар Тажикстандык күч кызматтары менен чогуу 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагындагы эки өлкөнүн чек арачыларынын куралдуу жаңжалын териштирүүнү улантат.

8-июлда кыргыз-тажик чек арасынын Лейлек районундагы тоолуу аймагында эки тараптын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон.

Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз берген деп жазды. Кыргыз тарап жаңжалга тажик чек арачылары себепкер деп маалымдоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16171