Аксыдагы селден алты адам каза болду

46 0
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында эки бала да бар.

Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат.

Көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров билдирди. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16287