Сак болгула: нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

0

2021-жылдын 13-14-июль күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 9-июль күнү №02-34/500-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.

Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16295