Садыр Жапаров селде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

0

Президент Садыр Жапаров 12-июлда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Садыр Жапаров бүтүндөй өлкө жаратылыш кырсыгынан улам жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын оор кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын баса белгилеп, бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Кырсыктан жабыр тарткандардын бардыгына мамлекет тарабынан колдон келген колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Ошондой эле мамлекет башчысы селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча Министрлер кабинетине тапшырма берди.

 

Белгилей кетсек, Аксы районунда 12-июлда сел жүрүп, бир нече адам каза болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16305